Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 12-ноябры № 77
Зардалы айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылынын башкы планы оңдоп түзөөлөр менен бекитилсин.
2. Зардалы айылынын батыш тарабынанан тоодон ташкулап түшүү коркунучунун алдын алуу үчүн башкы планда көрсөтүлгөн калктуу конуштун чек арасынан элүү (50) метр коргоо зонасы болуп бекитилсин.
3. Башкы планда көрсөтүлгөн жолдор айыл тургундарынын жеке турак жайы жана айыл чарба жерлери аркылуу өткөн учурда жер ээлерине теңдештирилген жер аянты бөлүүп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага: |
Ф.Акматалиев |