Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 28-майындагы №8/7
«Ала-Бука айыл аймагындагы орто мектептирдин утурумдук ремонтуна керектелүүчү материалдарга акча каражатын ажыратуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 22-май 2025-жылы чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагындагы орто мектептердин утурумдук ремонтуна керектелүүчү материалдарга бекитилген сметанын негизинде акча каражатын ажыратууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чечим боюнча мыйзамдын чегинде иш алып баруу, айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековго тапшырылсын.
3.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (Ч.Урматаалиев) жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы Д.Акпаралыев