Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 12-августундагы №44/8-9
«Кара-Көл шаарынын Ак-Шар-3 көчөсүнүн атын Молкош Омурбаевдин атына өзгөртүү жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын мэри Н.О.Орозбаевдин Ак -Шар-3 көчөсүнүн атын өзгөртүп, Фин согушунун жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Молкош Омурбаевдин ысымын берүү сунушун, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын бул маселе боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамын, “Кара-Көл шаарында жайгашкан географиялык объекттерди атоо жана алардын аталыштарын өзгөртүү, эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, Молкош Омурбаевдин согушта көрсөткөн эрдиктерин эске алып, Молкош Омурбаевдин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Көл шаарынын Ак-Шар-3 көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, Фин согушунун жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Молкош Омурбаевдин ысымы берилсин жана Молкош Омурбаев көчөсү деп аталсын.
2.Көчөнүн атын өзгөртүү боюнча бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттен жүргүзүлсүн.
3.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Көл филиалы (Г.Р.Сооронбаева), Кара-Көл шаардык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы ( У.Ш.Бокоев) учеттук -инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( Н.О.Орозбаев), муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.М.Доулдаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Ш.А.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага | Ч.А.Кимсанов
|