Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 30-декабры № 80
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылынын Суу кампанын ордун трансформациялоо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры №665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын аныктамасынын негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
№1116 контурунда 0,03 га
№1008 контурунда 1,37 га
№1122 контурунда 0,12 га
№1123 контурунда 0,17 га
№1002 контурунда 1,90 га
Жалпы 4,20 га жер аянтына суу кампа куруу үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.
Төрага: |
А.Дилишатов |