КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2025-жылы 30-декабры № 85
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жобосуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесине, "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамына ылайык жана мамлекеттик башкаруу системасындагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Жобого "Коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттер" аттуу өзүнчө бөлүм кошулсун.
- Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери этика кодексин сактоого, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө жана коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алууга милдеттүү экени жобо менен бекемделсин.
- Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.