Редакцияот 10.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXIX чакыруунун 25-кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 10-майындагы № 20

Жер алмашуу келишимин түзүү жөнүндө

Чүй облусунун райондор аралык сотунун 2019-жылдын 31-октябрындагы №АД-539/19-МЧ-С1 чечимин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 13-июлундагы токтомунун негизинде, ошондой эле Фрунзе айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-сентябрындагы №31 токтому менен бекитилген Фрунзе айыл аймагынын Перспективдүү планына ылайык, Фрунзе айылдык кенеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Фрунзе айыл өкмөтү менен “Сокулук” МАЗнын ортосунда алмашуу келишими түзүлсүн. Тактап айтканда, Фрунзе айыл өкмөтү №248 контурунда жайгашкан жалпы аянты 66 га жерди “Сокулук” МАЗнын колдонуп жаткан № 292’’ контурундагы -20 га жана №341 контурундагы – 46 га жерлердин ордуна өткөрүп берсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы – Байысбек уулу Бекбийге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ш.Ш. Исмаилов