Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 12-августундагы №45/8-9
«Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылдын 14 -мартындагы № 23/5-9 токтомунун № 3 тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын мэри Н.О.Орозбаевдин Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 23/5-9 токтомунун № 3 тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушун, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылдын 14 -мартындагы № 23/5-9 токтомунун № 3 тиркемесиндеги тизмеде 12-катардагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 6000, 0 миң сом каражатка “ Балдар аянтчасын сатып алуу 8 комплект “ деген сөздөр “ Балдар аянтчасын сатып алуу 5 комплект “ деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет , экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Т.А.Мамытканова) жүктөлсүн.
Төрага | Ч.А.Кимсанов
|