Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы №3
Муниципалдык менчиктеги жер тилкесин мамлекеттик менчикке мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Муниципалдык менчиктеги жер тилкесин мамлекеттик менчикке мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,19-беренелерине ылайык, Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Раззаков шаарынын Жаңы-Конуш1 участкасындагы Саркент көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы башкы планда бала бакча үчүн калтырылган 0,32га жер тилкесин Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө бала бакча куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.А.Саматов |