Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 12-августундагы №46/8-9
«Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган, ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарга мэрия тарабынан берилген турак жайларды менчиктештирүү программасына киргизүү жөнүндө »
Кара-Көл шаарынын мэри Н.О.Орозбаевдин ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарга мэрия тарабынан берилген турак жайларды алардын менчигине акысыз өткөрүп берүү үчүн менчиктештирүү программасына киргизип берүү жөнүндө кайрылуусун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин, 58-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 4-бөлүмчөсүнө, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик укугу жөнүндө” Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарга мэрия тарабынан берилген төмөнкү турак жайларды менчиктештирүү программасына киргизүүгө жана алардын менчигине акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
1) Серый көчөсүндөгү №8 үйүнүн №15 батири ;
2) Сабиров көчөсүндөгү №1/1 үйүнүн №22 батири;
3) Сабиров көчөсүндөгү №1/2 үйүнүн №9 батири;
4) Ленин көчөсүндөгү №6 үйүнүн №77 батири;
5) Кулданбаев көчөсүндөгү №1 үйүнүн №37 батири;
6) Ленин көчөсүндөгү №6 үйүнүн №11 батири;
7) Серый көчөсүндөгү №21 үйүнүн №39 батири;
8) Сабиров көчөсүндөгү №59 үйүнүн №10 батири;
9) Серый көчөсүндөгү №5 үйүнүн № 14 батири.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына ( Т.М.Доулдаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Ч.А.Кимсанов
|