Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 12-августундагы №47/8-9
«Кара-Көл шаарынын К.Кулданбаев көчөсүндө жайгашкан аянты 1400,0 чарчы метр жер тилкесин Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары М.А. Абдыкалыковдун, ММБнын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.М. Доулдаевдин Кара-Көл шаарынын К.Кулданбаев көчөсүндө жайгашкан аянты 1400,0 чарчы метр жер тилкесин Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын К.Кулданбаев көчөсүндө жайгашкан аянты 1400,0 чарчы метр жер тилкесин Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Кара-Көл шаарынын мэриясы (Н.О.Орозбаев), муниципалдык менчик башкармалыгы (Т.М.Доулдаев) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Ч.А.Кимсанов
|