Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 12-августундагы №50/8-9
« Камбарата ГЭС” -“ Электр станциялары” ААКтын филиалынын балансында турган Кетмен-Төбө айылында жайгашкан курулушу бүтпөй калган баланстык баасы 1 242 433, 12 сомдук тазалоочу курулманы муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын мэри Н.О.Орозбаевдин, ММБнын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.М. Доулдаевдин “ Камбарата ГЭС” -“ Электр станциялар” ААКтын филиалынын балансында турган Кетмен-Төбө айылында жайгашкан курулушу бүтпөй калган калган баланстык баасы 1 242 433,12 сомдук тазалоочу курулманы муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча, ошондой эле бюджет, экономика, финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Камбарата ГЭС” - “ Электр станциялары” ААКтын филиалынын балансында турган Кетмен-Төбө айылында жайгашкан курулушу бүтпөй калган калган баланстык баасы 1 242 433,12 сомдук тазалоочу курулманы муниципалдык менчикке акысыз кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясы (Н.О.Орозбаев), муниципалдык менчик башкармалыгы (Т.М.Доулдаев) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Ч.А.Кимсанов
|