Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 12-августундагы №51/8-9
«Муниципалдык менчиктеги 715,68 чарчы метр жерди А.Болпокеевдин 85, 68 чарчы метр жеке менчик жер тилкесине алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Т.М.Доулдаевдин Кара-Көл шаарына караштуу
Жазы- Кечүү айылынын тургуну А Болпокеевдин тегирмени жайгашкан 85, 68 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчиктеги 715, 68 чарчы метр жерге алмаштырууга макулук берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин VII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылында бала бакча куруу мезгилинде, бала бакча жайгашкан жерди кеңейтүү зарылчылыгы чыгып, бала бакчага жанаша жайгашкан тегирменди жылдыруу маселеси жаралган. Тегирмендин ээси А.Болпокеев менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Тегирмен жеке менчикте болгондуктан, тегирмен ээсинин жаңы тегирмен курулуучу жер тилкеси кенен, жүк ташуучу машина кирип, айланып чыгууга мүмкүн болгондой болушу керектигин талап кылган. 2024-жылдын 14-март күнү жолугушууда тегирменди которууга бош жер тилке убадаланып, тегирмен ээсинин талабына ылайык, ага жалпы аянты 715, 68 чарчы метр жер тилкеси берилип, тегирменчи өз күчү менен бир топ финансылык чыгымдарды коротуп, бардык шаймандарын, курулушун чыгарып кеткен. Азыркы учурда курулган бала бакчанын жерин жана башка жакка көчүрүлгөн тегирмендин ээси А.Болпокеевге берилген жер тилкесин мыйзамдаштыруу зарылчылыгы турат.
Жогорудагылардын негизинде өз алдынча башкаруу органынын муктаждыгын жана жеке менчик жер ээсинин талабын жана бул маселе боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссияcынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн эске алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-сатьясынын жана 19-статьясынын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Муниципалдык менчиктеги 715,68 чарчы метр жерди А.Болпокеевдин 85, 68 чарчы метр жеке менчик жер тилкесине алмаштырууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( Н.О.Орозбаев), муниципалдык менчик башкармалыгына ( Т.М.Доулдаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Ч.А.Кимсанов
|