Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 12-августундагы №52/8-9
«Кара-Көл шаардык кеңешинде убактылуу жумушчу комиссия түзүү жөнүндө »
“Электр станциялар” ААКтын филиалы Токтогул ГЭС каскадына караштуу коммуналдык ишканалар комбинатын Кара-Көл шаарынын мэриясына кабыл алуу боюнча коммуналдык ишканалар комбинатына тиешелүү кабыл алынуучу объектилердин абалы менен таанышуу жана иликтөө максатында убактылуу жумушчу комиссия түзүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Электр станциялар” ААКтын филиалы Токтогул ГЭС каскадына караштуу коммуналдык ишканалар комбинатын Кара-Көл шаарынын мэриясына кабыл алуу боюнча коммуналдык ишканалар комбинатына тиешелүү кабыл алынуучу объектилердин абалы менен таанышуу жана иликтөө максатында төмөндөгү курамда убактылуу жумушчу комиссия түзүлсүн:
1) Абдыкалыков Манас Акматалиевич – Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары;
2) Бопошов Заманбек- шаардык кеңештин депутаты;
3) Батыркулов Кадырбек Дооронкулович – шаардык кеңештин депутаты;
4) Джуробаев Жеңиш Сатаралиевич- шаардык кеңештин депутаты;
5) Кармышов Нурболот Тимурланович- шаардык кеңештин депутаты;
6) Кочконбаева Кельдибү Аманжановна -шаардык кеңештин депутаты;
7) Макушев Майрамбек Жумашевич- шаардык кеңештин депутаты;
8) Молдокеев Жылдызбек Ыманбекович- шаардык кеңештин депутаты;
9) Токтосунов Шамшидин Аширович- шаардык кеңештин депутаты;
10) Уметова Назира Асранбековна – шаардык кеңештин төрагасынын орун басары;
11) Чыныкбаев Нузарбек Бобубекович- шаардык кеңештин депутаты.
2. Убактылуу жумушчу комиссия өз ишин 1,5 айлык мөөнөттө жүргүзсүн.
3.Убактылуу жумушчу комиссия белгиленген мөөнөт ичинде иликтөө жүргүзүлгөн маселе боюнча корутунду даярдасын жана шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Ч.А.Кимсанов
|