Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 12-августундагы №53/8-9
«Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга иш планы жана бюджети жөнүндө»
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин З-пунктуна, 10-беренесине ылайык жайыт жерлерин сарамжалдуу жана натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды пайдалануунун 2025-жылга бюджети, иш планы, кирешелер жана чыгашалар сметасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин 2025-жьлга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:
- бодо мал – 100 сом;
- жаш бодо мал – 70 сом;
-кой, эчки - 20 сом;
-жылкы - 100 сом.
3. Муниципалдык менчик башкармалыгы (Т.М.Доулдаев) пайдаланылган жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке 2025-жылдын декабрь айына чейин чегерүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.М.Доулдаев), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Т.А.Мамытканова) жүктөлсүн.
Төрага | Ч.А.Кимсанов
|