Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 25-июлундагы №9/2
«Ала-Бука айыл аймагында айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгын эсептөө үчүн Кз зоналдык коэффициентин тармактар боюнча өлчөмүн бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн адиси С.Кудайбердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин бюджет экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлунда чыгарган корутундусун карап чыгып, Ала-Бука айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Бука айыл аймагында зоналдык Кз коэффициентинин тармактар боюнча
0,3-1,6-чейинки өлчөмү тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.Токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чечим боюнча мыйзам чегинде иш
алып баруу, айыл өкмөтүнүн жетечилигине тапшырылсын.
3.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнө жана көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасынын Усенбаева К
орун басары