Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IХ сессиясы
2025-жылдын 8-сентябрындагы №55/9-9
«Кара-Көл шаарында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу жөнүндө жобо»
Кара-Көл шаарынын мэри Н.О.Орозбаевдин 04.09.2025-жылдагы № 01-20/ 5790 сандуу катындагы “Кара-Көл шаарында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу жөнүндө” Жобону бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 20-9310 сандуу тапшырмасына ылайык Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясына (Н.О.Орозбаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( Ш.А.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага | Ч.А.Кимсанов
|
| Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылдын 08-сентябрындагы кезексиз IХ сессиясынын № 55/9-9 токтомуна тиркеме |
Кара-Көл шаарында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу жөнүндө жобо
I. Жалпы жоболор
1.1. Кара-Көл шаарында Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу максатында түзүлдү.
1.2 Бул жободогу тартип Кара-Көл шаарынын аймагына жайылтылат жана бул тартипти шаар аймагындагы бардык жашоочулар жана мекеме-ишканалар, уюмдар аткарууга милдеттүү.
II. Жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объекттер
2.1. Кара-Көл шаарында калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайлар деп төмөндөгүлөр эсептелсин:
- көп батирлүү үйлөр, турак үйлөргө тийиштүү аймактар;
- билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдары.
III. Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу
3.1.Шаардын кафелеринде кечки тойлорду өткөрүүдө кечки саат 18:00дон кечиктирилбестен башталып түнкү саат 22:00 чейин бүтүүгө тийиш.
3.2.Жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу төмөндөгү аракеттерге тыюу салынсын:
- үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга тыюу салынган убактысы:
- жумуш күндөрү – саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00гө чейин.
- телевизорлорду, радиокабылдагычтарды жана башка үндү кайталап чыгаруучу түзүлүштөрдү, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үндү күчөтүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде транспорт каражаттарында, соода объектилеринде, көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында жана коомдук тамактануу жайларында орнотулган түзүлүштөрдү пайдалануу;
- музыкалык аспаптарда ойноо, ышкыруу, ырдоо, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон башка аракеттерди жасоо;
- тартип бузуучулар тарабынан иштетилген күзөт сигнализациясынын, транспорт каражаттарынын сигнализациясынын үн чыгаруусун өчүрүү боюнча өз убагында чара көрбөгөндүк, транспорт каражатынын жардамы менен үн сигналдарын зарыл болбосо да пайдалануу же эс алуу учурунда тынчтыкты бузууга алып келген башка ызы-чуу таасирлерин жаратуу;
- пиротехникалык каражаттарды пайдалануу;
- адамдардын эс алуу учурунда тынчтыгын бузууга алып келген оңдоп-түзөө, жүк түшүрүү-жүктөө, тазалоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү, механикалык каражаттарды жана техникалык каражаттарды иштетүү;
- белгиленген убакытта корголууга тийиш болгон аймактарда жана орун жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууга алып келген башка аракеттер.
IV.Жобону аткаруу боюнча иш-чаралар.
4.1.Жобонун талаптарын аткарууну көзөмөлгө алуучу органдар:
- Кара-Көл шаарынын ички иштер бөлүмү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгы.
Калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын сактоо боюнча иш- план иштелип чыгып, иш планга ылайык белгиленген тартиптерди сактоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, жободогу талаптарды сактоого үгүттөп, тартиптин сакталышына көзөмөл жүргүзөт.
Кара-Көл шаарындагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жобонун мыйзам чегинде аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Кафелердин белгиленген мөөнөттө жабылышын камсыз кылат.
4.2. Жобонун тартиптери бузулган учурларды байкаган ар бир жаран телефон аркылуу ШИИБнө телефон аркылуу маалымдайт. Тартип бузулуп жаткандыгы акт түзүлүп
Кара-Көл шаардык мэриянын бузуулар жөнүндө иштерин кароо комиссиясына өткөрүлүп берилет.
V. Жобого өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
5.1.Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунуштары комиссияда каралып, топтоштурулат жана шаардык кеңештин сессиясына сунушталат. Сессиянын токтому менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
Жооптуу катчы |
К.И.Нурматова |