Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 25-июлундагы №9/3
«Муниципалдык менчикте турган жер участогуна административдик имарат курууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна жана Жер кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлунда чыгарган корутундусун талкуулап чыгып, депутаттардын макулдугун эске алып Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылынын Жаштык көчөсүндөгү д.2/1 № 3-01-03-1002-0196 контурундагы муниципалдык менчиктеги 12000 кв.м жер тилкесине Мамлекеттик салык кызматынын Ала-Бука району боюнча башкармалыгына административдик имарат курууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чечим боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу, салык кызматынын жетечилигине тапшырылсын.
3.Бошотулган салык кызматынын имараты айыл өкмөтүнүн муниципалдык
менчигине кабыл алынсын.
4.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасынын Усенбаева К
орун басары