Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 25-июлундагы №9/4
«Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга карата кирешелеринин долбоорун жана 2027-2028-жылдарга болжолдуу планын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмчөсүнө ылайык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлунда чыгарган корутундусун талкуулап чыгып, депутаттардын макулдугун эске алып Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору 221 340200 сом, атайын каражатынын долбоору 28 016000 сом, баардыгы 249 356200 сом болуп бекитилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн 2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттарынын кирешесинин болжомолу төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
- 2027-жылдын бюджети 255 710700 сом, атайын каражаты 29 417000сом;
- 2028-жылдын бюджети 294 539500 сом, атайын каражаты 30 888000 сом.
3.Аталган жылдарга карата бюджеттин чыгаша бөлүгү ушул кирешелерге негизделип бекитилсин.
4.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасынын Усенбаева К
орун басары