Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 25-июлундагы №9/5
«Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашалар бөлүгүнө беренелер боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлунда чыгарган корутундусун талкуулап чыгып, депутаттардын макулдугун эске алып Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылдын 2-жарым жылдыгына төмөнкүдөй болуп өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Ар-түрдүү чыгымдар (2215) беренесинен, субсидия (2511) беренесине 5 370 000 (беш млн үч жүз жетимиш миң) сом;
- Имараттар жана курулмалар (3111) беренесинен, машина жана жабдуулар (3112) беренсине 4 000000 (төрт млн) сом;
- Ар-түрдүү чыгымдар (2215) беренесинен, субсидия (2511) беренесине 3 400000 (үч млн төрт жүз миң) сом, баардыгы болуп 12 770000 (он эки млн жети жүз жетимиш миң) сом акча каражаттарын жылдырууга макулдук берилсин (беренелер боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолордун сунуштары тиркелет).
2.Жылдырылган акча каражаттары менен өз убагында иш алып баруу финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековго милдеттендирилсин.
3.Өзгөртүү киргизилген жергиликтүү бюджетти мыйзам ченемде аткаруу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
4.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасынын Усенбаева К
орун басары