Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 25-июлундагы №9/6
«Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 2-жарым жылдыгына карата жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүн беренелер боюнча көбөйтүү жөнүндө»
“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлунда чыгарган корутундусун талкуулап чыгып, депутаттардын макулдугун эске алып Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 2-жарым жылдыгына карата жергиликтүү бюджеттин
кирешелер бөлүгүндөгү беренелер төмөнкүдөй болуп көбөйтүлсүн:
- 11111100- беренеси (киреше салыгы) -5 000000 (беш млн ) сомго;
- Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 2% (пайыз) төлөм менен
14511400 беренсине – 5 000000 (беш млн) сомго.
2.Беренелер боюнча көбөйтүлгөн акча каражаттары менен мыйзам чегинде иш алып баруу, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековго милдеттендирилсин.
3.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасынын Усенбаева К
орун басары