Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 25-июлундагы №9/7
«Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн кошумча долбоорлорду аткаруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлунда чыгарган корутундусун талкуулап чыгып, депутаттардын макулдугун эске алып Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин көбөйгөндүгүнө байланыштуу, бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн
төмөнкү курулуш иштеринин кошумча долбоорлорун аткарууга макулдук берилсин:
- Испаран-Сай каналынын капиталдык ремонтуна – 2225357 (эки млн эки жүз жыйырма беш миң
үч жүз элүү жети ) сом;
- “Үмүт” балдар бакчасынын чатырын капиталдык ремонттоо иштерине- 233319 (эки жүз
отуз үч миң үч жүз он тогуз ) сом;
- Көлмө участогундагы 75 орундуу балдар бакчадан аныкталган кошумча иштерге- 2
429093 (эки млн төрт жүз жыйырма тогуз миң токсон үч) сом;
- Ала-Бука айылындагы 3 сааттык балдар бакчанын чатырын капиталдык ремонттоого –
215000 (эки жүз он беш миң) сом;
- М.Мамырбеков көчөсүндөгү асфальттоо иштеринин 490 метр аралыгындагы кошумча
иштер үчүн – 1796000 (бир млн жети жүз токсон алты миң) сом;
- Зеңги-Ата участогундагы таза суунун башкы курулмасына өтүүчү көпүрөнүн
курулмасына- 1 200000 (бир эки жүз миң);
- Ала-Бука айылындагы борбордук стадиондун капиталдык ремонтуна долбоорпдук
сметалык документтерди (ДСД) жасоо үчүн – 1 360000 (бир млн үч жүз алтымыш миң) сом;
- Ынтымак негизги мектеп үчүн каралган жеке менчик үйдүн ремонтуна – 541231 (беш
жүз кырк бир миң эки жүз отуз бир миң) сом.
2.Кошумча курулуш иштеринин долбооруна ажыратылган акча каражаттары менен өз убагында камсыздоо, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековго милдеттендирилсин.
3.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасынын Усенбаева К
орун басары