Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IХ сессиясы
2025-жылдын 8-сентябрындагы №56/9-9
«Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу жөнүндө жобо»
Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары М.А.Абдыкалыковдун 2025-жылдын 13-августундагы №01-20/ 5299 сандуу катындагы “Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу жөнүндө” жобону бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39 жана 57-беренелерине, «Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясына (Н.О.Орозбаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Ш.А. Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага | Ч.А.Кимсанов
|
| Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылдын 08-сентябрындагы кезексиз IХ сессиясынын № 56/9-9 токтомуна тиркеме |
Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу жөнүндө жобо
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыгып, Кара-Көл шаарынын аймагындагы аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун уюштурулушун жана ишмердүүлүгүн жөнгө салат.
1.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу (мындан ары – АКӨБ) — бул шаар тургундарынын катышуусу менен, тиешелүү аймакта жашаган жарандар өздөрүнүн жашоо шарттарын жакшыртуу жана коомдук маселелерди чогуу чечүү максатында түзгөн коомдук уюшма формасы.
1.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу үй, көчө кварталдык комитеттер, турак жай ээлеринин шериктештиги жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына жана ушул Жобого карама-каршы келбеген башка формаларда ишке ашырылат.
1.4. Жобонун максаты – жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын эске алуу менен аймактардагы жашоонун сапатын жакшыртуу жана мэрия менен калктын ортосундагы кызматташууну камсыз кылуу.
II. АКӨБ түзүү жана уюштуруу тартиби
2.1. АКӨБ жарандардын жалпы жыйынынын чечими менен түзүлөт жана анын курамына ошол аймакта жашаган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары кирет.
2.2. Жарандардын жалпы жыйыны мэриянын өкүлүнүн катышуусунда өткөрүлүп, түзүлгөн АКӨБ жөнүндө протокол түзүлөт.
2.3. АКӨБдин ишмердүүлүгү өзүн-өзү башкаруу принцибине, коомдук ишке ыктыярдуу катышууга жана коомдук контролго негизделет.
2.4. АКӨБ төмөнкүдөй уюштуруу структурасына ээ болушу мүмкүн:
- АКӨБдин жалпы жыйыны;
- АКӨБ төрагасы (жетекчиси);
- иш тобу же кеңеш (зарылчылыкка жараша).
2.5. АКӨБ төрагасы жарандардын жалпы жыйынында 2 (эки) жылдык мөөнөткө ачык же жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат.
III. АКӨБдин укуктары жана милдеттери
3.1. АКӨБ төмөнкү укуктарга ээ:
- өз аймагындагы тургундардын көйгөйлөрүн жыйнап, тиешелүү органдарга жеткирүү;
- коомдук иштерди жана демилгелерди уюштуруу;
- тазалык, коопсуздук, жашылдандыруу иштери боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- муниципалдык кызматтарга сунуш-пикир берүү;
3.2. АКӨБ төмөнкү милдеттерди аткарат:
- тургундар менен тыгыз байланышта болуу жана алардын маселелерин угуу;
- коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого көмөктөшүү;
- тазалыкты сактоо боюнча чараларды көрүү;
- өткөрүлгөн жыйындар боюнча шаардык кеңешке жана мэрияга маалымат берүү;
- жобону сактоо жана ченемдик актыларга ылайык иш алып баруу.
IV. Жарандардын жалпы жыйыны жана чечимдери
4.1.Жарандардын жалпы жыйыны – АКӨБдин жогорку органы болуп эсептелет жана зарылчылыкка жараша, бирок жылына жок дегенде 2 жолу өткөрүлүшү керек.
4.2. Жыйынга аймактагы жарандардын 50% катышкан учурда, ал мыйзамдуу деп эсептелет.
4.3. Ар бир чечим протокол менен катталып, АКӨБ төрагасы жана мэриянын өкүлү тарабынан кол коюлат.
V. Каржылоо булактары
5.1. АКӨБ өз ишмердүүлүгүн төмөнкү булактар аркылуу жүргүзөт:
- шаардык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар (зарыл учурда);
- демөөрчүлүк жардамдар;
- ыктыярдуу жарандык салымдар;
- башка мыйзамдуу булактар.
VI. Жобону бекитүү жана өзгөртүү тартиби
6.1. Бул жобо Кара-Көл шаарынын мэриясы тарабынан сунушталып, шаардык кеңештин токтому менен бекитилет.
6.2. Жобого өзгөртүүлөр жарандардын жалпы жыйынынын чечими жана мэриянын сунушу менен гана киргизилет, шаардык кеңеш тарабынан кайрадан бекитилет.
Жооптуу катчы | К.И.Нурматова
|