Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин ХХI сессиясы
(VIII чакырылыш)
2025-жылдын 28 -январы № 21/86
Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы саламаттыкты сактоо
багытында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз жана шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-декабрындагы №8 протоколуна таянып, Кызыл-Кыя шаардык ЖДПБнун директору Ж.Кадыровдун 2025-жылдын 16-декабрындагы №01-18-298 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаардык ЖДПБнун директору Ж.Кадыровдун маалыматы эске алынсын жана милдеттендирилсин:
- Кыргыз Республикасынын калктын ден соолугун сактоо жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү багытындагы программалардын аткарылышын камсыз кылуу, калкты медициналык жактан тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана медициналык тейлөөнүн калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана саламаттык сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын чыӊдоо боюнча иштерди жүргүзүү жагы;
- акыркы мезгилде калк арасында кескин түрдө көбөйгөн гепатит ооруусунун жана башка жугуштуу ооруулардын санын кыскартуу максатында эмканада колдонуучу медициналык аппараттардын дезинфекциялоодон өтүүсүнө өзгөчө көзөмөл жүргүзүү жагы;
- саламаттыкты сактоо мекемелеринде, алардын бөлүмдөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан акысыз берилүүчү дары-дармектердин, медикаменттердин жана медициналык материалдардын тизмелерин илип коюу жана аларды жума сайын жаңылап туруу жагы;
- эне жана баланын өлүм көрсөткүчүн төмөндөтүү боюнча иштерди күчөтүү жагы;
- инфекциялык (кутурма, сибирь жарасы, гепатит, туберкулез ж.б.у.с.) ооруулардын алдын алуу максатында, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирүү жагы.
2. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Кызыл-Кыя шаарындагы бөлүм башчысы Г.Сабировага жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында, менчигинин түрүнө карабай медициналык кызматкерлердин, билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин жана тамак-аш сатуучу жайлардын кызматкерлеринин санитардык кароодон өтүп, санитардык китепчелеринин толтурулуусуна көзөмөлдү күчөтүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
А. Мурзаев |