Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин ХХI сессиясы
(VIII чакырылыш)
2025-жылдын 28 -январы № 21/87
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2026-жылга карата
иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27-34-беренелерине негиз, күн тартибиндеги шаардык кеңештин 2026-жылга карата иш планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, иш пландын долбоору туруктуу комиссиялардын берген сунуштарынын негизинде даярдалгандыгын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2026-жылга карата түзүлгөн иш-планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А.Мурзаевге, орун басарлары А.Махмедовго, А.Мамадиевге жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Төрага: |
А. Мурзаев |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы
21-сессиясынын
№ 21/87 токтомуна
тиркеме 1
И Ш П Л А Н Ы
№ | Каралуучу маселелер | Мөөнөтү | Ким аткарат | Жооптуу
| |||
1. | Кызыл-Кыя шаарынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө | 1-квартал
| Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
2. | Кызыл-Кыя шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө
| 1-квартал | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | У.Дарипова К.Омурзаков | |||
3. | Кызыл-Кыя шаарынын 2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө | 1-квартал | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
4. | Кызыл-Кыя шаарынын 2026-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышынын жүрүшү жөнүндө
| июль, октябрь, 2027-жыл (январь) | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
5. | Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекеме-ишканалардын аткарган иштери жөнүндө (Мэрия, кенеш, ММД, Караван АБ, “Тазалык” ми, “Сууканал” ми, “Кызыл-Кыя жылуулук” ми, “Кызыл-Кыя шаардык автоунаа” ми)
| 2-3-4-квартал | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
6. | 2025-жылдын жыйынтыгы менен Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча мэрдин отчету | 1-квартал (февраль) | Кызыл-Кыя шаарынын мэри | У.Дарипова К.Омурзаков | |||
7. | 2026-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча мэрдин отчету | 3-квартал (июль) | Кызыл-Кыя шаарынын мэри | У.Дарипова К.Омурзаков | |||
8. | “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө | 1-квартал | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
9. | Калкты жылуулук энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча Кызыл-Кыя ТЭЦтин, ММДнын, “Сууканал” ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 1-квартал
3-квартал | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
10. | Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин 2026-жылга кабыл алынган иш пландарынын - 6 айындагы;
-12 айындагы аткарылышы жөнүндө | 2-квартал
4-квартал
| Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
11. | Кызыл-Кыя шаарынын Башкы планынын негизинде шаардын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 1-квартал
3-квартал | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
12. | Караван АБнын аткарган иштери жөнүндө | 1-квартал
| Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
13. | Муниципалдык базар куруу үчүн бөлүнгөн 17,0 га жерде аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 1-квартал
| Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
14. | “Кызыл-Кыя Сууканал” мекемесинин аткарган иштери жөнүндө | 2-квартал | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуни- кация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | У.Дарипова К.Омурзаков | |||
15. | Шаардын Асаналиев көчөсүндөгү автоунааларды иретке келтирүү маселеси жөнүндө | 2-4-квартал | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуни- кация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | У.Дарипова К.Омурзаков | |||
16. | Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү (ШИИБ) боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмчөсүнүн (ЖКККБ) шаарда жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу, жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
| 3-квартал
| Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуни- кация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | У.Дарипова К.Омурзаков | |||
17. | Той, маареке, ажы тойлорго ашыкча чыгашаларга чектөө киргизүү боюнча кабыл алынган Жобонун аткарылышы жөнүндө | 2-квартал | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
18. | Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сыйлыктары жөнүндө Жобо | 3-квартал
| Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
19. | Кызыл-Кыя шаардык оорулардын алдын алуу, мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун жана Ветеринардык кызматынын аткарган иштери жөнүндө | 1-квартал | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
20. | Кызыл-Кыя шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, шаардык эмгек, миграция бөлүмүнүн жана шаардык социалдык фондунун аткарган иштери жөнүндө
| 2-квартал | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
21. | Кызыл-Кыя шаарындагы билим берүү тармагында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө | 2-3-квартал | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
22. | Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы саламаттыкты сактоо багытында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө | 3-квартал | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
23. | Кызыл-Кыя шаарында маданият, спорт тармактары боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
| 4-квартал | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
| У.Дарипова К.Омурзаков | |||
Уюштуруу иштери
| |||||||
1. | Шаардык кеңештин депутаттары менен окуу кеңешмелерин өткөрүү | Жыл ичинде | Шаардык кеңеш | Шаардык кеңештин аппараты | |||
2. | Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарынын башка шаардык кеңештердин депутаттары менен тажрыйба алмаштырууну уюштуруу | Жыл ичинде | Шаардык кеңештин аппараты | Шаардык кеңештин аппараты | |||
3. | Шаардык кеңештин сессияларында жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын отурумдарында кабыл алынган токтомдордун, чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө | Жыл ичинде | Шаардык кеңештин турууктуу комиссиялары
Шаардык кенештин аппараты | Шаардык кеңештин аппараты | |||
4. | Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен болгон жолугушууларын уюштуруу жана ал жолугушууларда айтылган сын–сунуштарынын аткарылышын көзөмөлдөө | Жыл ичинде | Шаардык кеңештин аппараты | Шаардык кеңештин аппараты | |||
|
|
|
|
|
|
|
|