Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IХ сессиясы
2025-жылдын 8-сентябрындагы №57/9-9
«Кара-Көл шаарынын Токтогул көчөсүнүн № 25 үйүнүн № 8 батирин Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга жана 2025-2027-жылдарга менчиктештирүү программасына киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары М.А.Абдыкалыковдун, ММБнын башчысы Т.М. Доулдаевдин Кара-Көл шаарынын Токтогул көчөсүнүн № 25 үйүнүн №8 батирин Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга жана 2025-2027-жылдарга менчиктештирүү программасына киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын Токтогул көчөсүнүн № 25 үйүнүн 8-батирин Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20- июнундагы № 37/7-9 сандуу токтомунун 1-тиркемесиндеги менчиктештирүү программасына киргизилген батирлердин тизмесине 81 катар номери менен Токтогул көчөсүнүн № 25-үйүнүн №8 батирин киргизүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Кимсанов Ч.А.
|