Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IХ сессиясы
2025-жылдын 25-августундагы №58/9-9
«Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондунан берилүүчү гранттарга долбоорду бекитүү жөнүндө »
Кара-Көл шаарынын мэринин биринчи орун басары М.А.Абдыкалыковдун Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондунан 2026-жылга берилүүчү грантка даярдалып жаткан наркы 3500,0 миң ( үч миллион беш жүз миң) сомдук “ Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн имаратында кырдаалдык борбор түзүү жана санариптик радио байланыш менен камсыздоо “ долборуна жергиликтүү бюджеттен бөлүнүүчү 800, 0 миң (сегиз жүз миң) сом үлүш каражатты бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык мэриясы тарабынан Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондуна даярдалып жаткан “ Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн имаратында кырдаалдык борбор түзүү жана санариптик радио байланыш менен камсыздоо” долборуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен үлүштүк каржылоо каражаты 2026-жылдын шаардык бюджетинен 800, 0 миң ( сегиз жүз миң) сомго бекитилиши белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясына (Н.О.Орозбаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына
(Т.А. Мамытканова) жүктөлсүн.
Төрага | Кимсанов Ч.А.
|