Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 25-июлундагы №9/8
«Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө»
Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү максатында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-,34-беренелерине ылайык жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлунда чыгарган корутундусун талкуулап чыгып, депутаттардын макулдугун эске алып Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө” жобону бекитүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2.Токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар жана эрежелер Ала-Бука айыл аймагында аткарууга алынсын.
3.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg
сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, регламент, депутаттык этика жана
мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасынын Усенбаева К
орун басары