Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 25-июлундагы №9/9
«Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна долбоор сунуш кылуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Усенбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өрүктү-Сай айылынын Курсай көчөсүндөгү сел коркунучу бар жайларын цемент менен бекемдөө максатында даярдалган долбоору, Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунун кароосуна сунушталсын.
2.Сунушталган долбоор боюнча иш жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн тийешелүү адистерине жүктөлсүн.
3.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасынын Усенбаева К
орун басары