Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезексиз чакырылган V сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №44
«Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга мүмкүн (трансформациялоо) жөнүндө»
2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну, 2024-жылдын 20-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу» ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, Торугарт - Жалал-Абад темир жолун жана анын инфраструктурасын куруу үчүн Тогуз-Торо райондук комиссиясынын 2025-жылдын 27-майындагы корутундусуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Торугарт - Жалал-Абад темир жол жана анын инфраструктурасын куруу үчүн 1-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл аймагында жайгашкан, мамлекеттик менчиктеги жалпы аянты 11,46 га жерлер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) мүмкүн экендигин билдирет.
2. Ушул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы “регламент, депутаттык этика, мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы | У.Токтожумаев |