Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезексиз чакырылган V сессиясынын
2025-жылдын 30-майындагы №45
«Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө кошумча план кылып киргизип берүү жөнүндө»
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө кошумча план карап берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык кенешинин ( XXIII шайланышынын) кезексиз чакырылган V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Ленин, Дөдөмөл, Кош-Булак, Өрнөк айылдарынын ген планын иштеп чыгууда Республикалык бюджеттен келип түшкөн 4 633,7 миң сомду айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө, аппараттын 2215 беренесине кошумча план кылып отургузуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы | У.Токтожумаев |