Редакцияот 19.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин

кезектеги XXVI сессиясы

 

2024-жылдын 19-июлу № 26/19

 

Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Талдык айылынын Беш-Конуш участкасында жайгашкан 0,30 га жер тилкесине туризм багытында жайкы эс алуучу жай куруу боюнча Пулатов Эламан Сапарбаевичтин арызын кароо жөнүндө

 

Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Талдык айылынын Беш-Конуш участкасында жайгашкан 0,30 га жер тилкесине туризм багытында жайкы эс алуучу жай куруу боюнча Пулатов Эламан Сапарбаевичтин арызын карап жана талкуулап Баш-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Талдык айылынын Беш-Конуш участкасында жайгашкан 0,30 га жер тилкесине туризм багытында жайкы эс алуучу жай куруу боюнча Пулатов Эламан Сапарбаевичке 0,30 га жайыт жерин 5 жылга ижарага берүүгө макулдук берилсин

2. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси У.Жоробаевге жана жайыт комитетинин төрагасы Каныбек у Исламга ижарага берилүүчү жерди жеринде тактап, тийиштүү иш кагаздарды даярдоо тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Баш-Булак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага

 

К.Абдраев