Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-февралы № 59
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 350 “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын, Кимберли процессинин сертификациялоо схемасынын алкагында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашыруу жана салыктык башкаруу механизмдерин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы № 349 “Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасына Кыргыз Республикасынын кошулуу маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада “10” деген цифралар “13” деген цифраларга алмаштырылсын;
2) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырсын.”;
3) 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу эрежесинде:
– 5-пунктта:
үчүнчү абзацта “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
расмий тилде сегизинчи абзацта “Таможенного союза” деген сөздөр “ЕАЭС” деген сөзгө алмаштырылсын;
– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. Иштетилбеген табигый алмаздарды ташып кирүүдө бажылык декларациялоого байланышкан бажы операциялары жасалганга чейин баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын өндүрүү жана жүгүртүү жаатында контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштетилбеген табигый алмаздарга экспертиза (идентификация) жүргүзүлөт.”;
– 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9. Мамлекеттик контроль ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган адистештирилген бажы посттору аркылуу ишке ашырылат.”;