Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 9-февралы № 37
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 247 “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктунун 2-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин эмгек акысына 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө ар айлык үстөк белгилесин;
2) өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |