Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 11-сентябры № 55
Большевик айылынын тургуну А.Сурановдун арызын кароо жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Большевик айылынын тургуну А.Сурановдун жеке турак жай салууга берилген 0,06 га жер тилкесинин 0,03 га аянтына азык-түлүк сатуучу дүкөн куруп калкты тейлөө кызматын көрсөтүү боюнча сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы идентификациялык коду 5060110020748 сандуу Султанов Жаныбай көчөсүнүн №29 дарегинде жайгашкан Суранов Адилет Акматалиевичке жеке турак жай салуу үчүн берилген 0,06 га жер тилкесинин 0,03 га аянтына, азык-түлүк сатуучу дүкөн куруу жана жердин багытын калкты тейлөөгө өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү Өзгөн райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин "Социалдык маселелер боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |