Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 11-сентябры № 56
Какыр айылынын тургуну Аскаров Сайитмаматтын арызын кароо жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Какыр айылынын тургуну С.Аскаровдун жеке турак жай салууга берилген 0,08 га жер тилкесинин 0,08 га аянтына чакан иш кана куруп калкты тейлөө кызматын көрсөтүү боюнча сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылындагы идентификациялык коду 5060110030359 сандуу М.Кадыралиев көчөсүнүн №40 дарегинде жайгашкан Аскаров Сайитмамат Адилбековичге жеке турак жай салуу үчүн берилген 0,08 га жер тилкесинин 0,08 га аянтына, чакан иш кана куруу жана жердин багытын калкты тейлөөгө өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү Өзгөн райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин "Социалдык маселелер боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |