Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 11-сентябры № 56а
Кара-Шоро айыл аймагына караштуу бала бакчаларга кошумча кошулган балдардын тамак-ашы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча атайын каражатка ата-энелер төлөмүнөн түшкөн 200,0 (эки жүз миң) сомго план алууга макулдук берилсин.
2. Кошумча жеткирилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бала бакча бөлүмүнүн 2218 беренесине 200,0 (эки жүз миң) сом жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |