Загрузка документа…
КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабрындагы № 47/XIII-30
«Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айыл аймагында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү»
Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы №67 “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары шаарлардын, айылдардын, дарыялардын, каналдардын, көпүрөлөрдүн, саздардын, көлдөрдүн, шаркыратмалардын, тоо тутумдарынын, тоо чокуларынын, ашуулардын, мөңгүлөрдүн, капчыгайлардын, жайлоолордун, аскалардын, үңкүрлөрдүн, кыштоолордун, конуштардын, жайыттардын, көчөлөрдүн, аянттардын, проспекттердин, бульварлардын, аллеялардын, парктардын, жаратылыш парктарынын, коруктарынын жана алар сыяктуу объекттердин, ошондой эле тарыхый окуялар жана тарыхый инсандардын иши менен байланыштуу жерлердин аталыштарынан турат. Ошого байланыштуу, Кең-Булун айылдык кеңеши жобону бекитүү маселесин карап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айыл аймагында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Тѳрага м.а. |
| Г.С. Супиргенова |