Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 57
IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Шоро аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынына айылдардан өкүлдөрдү көрсөтүүнү өткөрүү жана уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ 270 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, уюштуруу комитенин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 протоколунун чечими менен бекитилген нускаманы жетекчилике алып, Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Кара-Шоро айыл аймагында жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө маселени угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Шоро аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрында Ак-Жар айылындагы С.Султанов атындагы маданият үйүнө саат 10:00гө чакырылсын.
2. Кара-Шоро айыл аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жана уюштуруу боюнча төмөнкү курамдагы жумушчу топ бекитилсин:
- З.Кадырбеков – Кара-Шоро айылдык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төргасы.
- Б.Паттаева - Кара-Шоро айылдык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы.
- Маматбек уулу М.- Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн юристи, жумушчу топтун мүчөсү
- Т.Мадоморов – Ак-Жар айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү
- Т.Алымканов – Семиз-Көл айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү
- Ү.Жөкөев - Какыр айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү
- Р.Джембеков – Большевик айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү
- А.Жүсүпжанов – Шамал-Терек айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү
- О.Артыков – Чалк-Өйдө айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү
3. Кара-Шоро аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынына көрсөтүлө турган өкүлдөрдүн жалпы саны 80 өкүлгө бекитилсин.
4. Кара-Шоро аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынына өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү графиги жана аны өткөрүү боюнча жооптуу депутаттар төмөнкү таблицадагыдай бекитилсин:
к/н | Өткөрүлүүчү оорду | Убактысы | Калктын саны | Өкүлдүн саны | жооптуулар | ||
күнү | сааты | ||||||
1 | Ак-Жар а. С.Султанов ат. маданият үйү | 22.10.2025 | 10:00 | 2223 | 12 | Төрага- Суюнбоев Эрнис. Катчы-
| |
2 | Большевик а. С.Айдаров ат. маданият үйү | 22.10.2025 | 10:00 | 3589 | 22 | Төрага-
| |
3 | Какыр а. Ж.Жусупакматов ат. мад. үйү | 22.10.2025 | 10:00 | 1802 | 10 | Төрага- Жээнбаев Рустамбек Катчы- Ажиева Гулнура | |
4 | Семиз-Көл а. Ж.Анашов ат. маданият үйү | 22.10.2025 | 10:00 | 1181 | 6 | Төрага- Дүйшенбиева Мейликан Катчы- Алымканов Алмазбек | |
5 | Шамал-Терек а. Р.Коңкошов атындагы орто мектебинин актовый залында. | 22.10.2025 | 10:00 | 3733 |
16 | Төрага- Кеңешбаев Руслан Катчы- Маматкулов Садырбек Нишанова Аселкан | |
6 | Ничке.а. Э.Атакулов атындагы орто мектеби. | 22.10.2025 | 10:00 |
| 6 | Төрага- Акматов Кылычбек Катчы- Калыкова Максаткан | |
7 | Чалк-Өйдө а. Жаныбек Казы атындагы орто мектебинин спорт залы. | 22.10.2025 | 10:00 | 1476 | 8 | Төрага- Тойгонбай уулу Дайыр Катчы- Самбетова Кайыргүл | |
8 | Өкүлчүлүктүү жыйындын өткөрүлүүчү орду Ак-Жар а. С.Султанов ат. маданият үйү | 01.11.2025 | 10:00 | 14004 | 80 | Кара-Шоро айылдык кеңешинин төрагасы. Кара-Шоро айылдык кеңешинин жооптуу катчысы. | |
5. Кара-Шоро аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жана уюштуруу иш-чараларына материалдык, транспорт жана башка каражаттарына көмөк көрсөтүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “мыйзамдуулук адам укугу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |