Загрузка документа…
КАРА-ЖАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-февралы № 40
“Кара-Жал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун
мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Кара-Жал айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилинде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Жал айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жал айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Мукалаевге милдеттендирилсин.
Кара-Жал айылдык кеңештин тѳрагасы: |
Джумабаев Б.А. |