Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 58
“Ак-Жар айылындагы Кайназаров жана Бегалы уулу Динислам атындагы ички көчөлөргө асфальт төшөөгө өздүк салымды кароо жөнүндө”
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Р.Сатыбалдыевдин сунушун талкуулап Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айылындагы Кайназаров жана Бегалы уулу Динислам атындагы ички көчөлөргө асфальт төшөөгө стим грант проектисине өздүк салым жумшоого макулдук берилсин.
2. Ак-Жар айылындагы Кайназаров жана Бегалы уулу Динислам атындагы ички көчөлөргө асфальт төшөөгө 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салымга 2 339 647 (эки миллион үч жүз отуз тогуз миң алты жүз кырк жети миң) сом бекитилсин.
3. Өздүк салымга бекитилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине 2 339 647 (эки миллион үч жүз отуз тогуз миң алты жүз кырк жети миң) сом жумшалсын.
4. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |