Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын “22” январы № 03
Сокулук айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү, 2027-2028-жылдарга болжолун бекитүү жана 2026-жылдын 1-январына калган чыгашалардан ашкан кирешелерди (эркин калдыктарды) бекитүү жөнүндө
Сокулук айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү, 2027-2028-жылдарга болжолун бекитүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылга атайын каражаттарды эске алуу менен киреше бөлүгү жана 2027-2028-жылдарга болжол бекитилсин (1 жана 2-тиркемелер)
2026-жылга-139 231,7 миң сом, анын ичинде атайын эсеп-7254,0 миң сом
2027-жылга-156 093,0 миң сом, анын ичинде атайын эсеп-7254,0 миң сом
2028-жылга-174 529,0 миң сом, анын ичинде атайын эсеп-7254,0 миң сом
2. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү жана 2027-2028-жылдарга болжол бекитилсин.
2026-жылга-139 231,7миң сом, анын ичинде атайын эсеп -7 254,0миң сом
2027-жылга – 156 093,0 миң сом, анын ичинде атайын эсеп – 7 254,0 миң сом.
2028-жылга-174 529,0 миң сом, анын ичинде атайын эсеп – 7 254,0 миң сом.
3. Республикалык бюджеттен берилген максаттуу каражаттар максаттуу түрдө жумшалсын.
4. 2026-жылга чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондго төгүмдөр, калкка социалдык жардам көрсөтүү,тамак-аш азыктарын сатып алууга) жүргүзүлсүн.
5. Тиркемелерге ылайык айыл өкмөтүнүн аппараты жана маданият кызматкерлеринин 2026-жылга штаттык тизими бекитилсин.
6. Бюджеттин киреше бөлүгүн бекитилген пландан ашыкча аткаруу каражаттары жумуштун зарылчылыгына жараша мыйзамдын чегинде айыл аймакты өнүктүрүү максатында пайдалануу укугу берилсин.
7. 2026-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
8. Сокулук айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо үчүн 2 айлык эмгек акынын өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү бекитилсин.
9. 2026-жылдын 1-январына карата чыгашалардан ашкан кирешелерди (эркин калдык) бюджет боюнча 59 597,0 миң сом, атайын эсеп боюнча 6607,0 миң сом, 4-тиркемеге ылайык бекитилсин
10. 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету бекитилсин.
11. 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жөнүндө отчету бекитилсин.
12. Өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысына бюджетти аткаруу максатында акча каражаттарын мыйзам чегинде бөлүмдүн ичинде беренеден беренеге өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу берилсин.
13. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарда авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткарууга жергиликтүү бюджеттен каржылоо бекитилсин.
14. Сокулук айыл өкмөтүндөгү ипподромду кайтарган кароолчулардын эмгек-акысы 2026-жылдын 1-январынан баштап штаттык ырааттаманын негизинде 8448 сомдон бөлүнсүн (4-кызматкер, ар биринин бир айлык маянасы 8448 сомду түзөт).
15. Спорт менен машыгууну жана эс алууну уюштуруу боюнча кызмат берүүлөргө, спорт оюндарын уюштуруу жагында ишке жетекчилике колдоо көрсөтүүгө 5000,0 миң сом бөлүнсүн
16. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
17. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
18. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
19. Токтомдун аткарылышын Сокулук айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлдөсүн.
20. Токтомдун аткарылышы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Н Иштыбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Жумалиев Н.Н |