Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 59
“Какыр айылындагы Ж.Жусупакматов атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салымды кароо жөнүндө”
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Р.Сатыбалдыевдин сунушун талкуулап Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Какыр айылындагы Ж.Жусупакматов атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө стим грант проектисине өздүк салым жумшоого макулдук берилсин.
2. Какыр айылындагы Ж.Жусупакматов атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салымга 500 000 (беш жүз миң) сом бекитилсин.
3. Өздүк салымга бекитилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине 500 000 (беш жүз миң) сом жумшалсын.
4. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |