Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 60
Ак-Жар, Большевик, Какыр айылдарындагы таза суу кампалары жана суу сордуруучу станцияларынын ээлеген жер аянттарынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кара-Шоро айылдык кеңеши “Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Д.Эсенкуловдун сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл аймагына караштуу:
- Большевик айылындагы таза суу кампасы ээлеген №739 контурдагы 0,34 га таза жайыт жер аянтынын, №773 контурдагы 0,62 га таза жайыт жер аянтынын, таза суу сордуруучу станциясы ээлеген № 943 контурдагы 0,92 га сугат айдоо жер аянтынын;
- Какыр айылындагы таза суу кампасы ээлеген №1126 контурдагы 0,18 га токой жер аянтынын, №1133 контурдагы 0,08 га сугат айдоо жер аянтын, №1135 контурдагы 0,45 га бак жер аянтын, жалпы 2,59 га жер аянтын мамлекеттик катоого алууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Өзгөн” филиалынан жана Өзгөн райодук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан мамлекеттик каттоого алуу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |