Редакцияот 14.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

 

2025-жылдын 14-октябры № 61

 

 

“Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн тогуз айынын жыйынтыгы үнөмдөлгөн акча каражаттары жөнүндө”

 

                       

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги IХ сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолор жана өзгөртүүлөр төмөндөгүдөй киргизилсин

 

-орто мектеп бөлүмүнүн 2224 беренесинен - 396,2 миң сом

-бала бакча бөлүмүнүн 2215 беренесинен - 61,6 миң сом

-айыл чарба бөлүмүнүн 2215 беренесине -150,0 миң сом

-бала бакча бөлүмүнүн 2215 беренесинен -130,0 миң сом

-турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3112 беренесинен +524,0 миң сом

-турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине +213,8 миң сом

 

2. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

З.Кадырбеков