Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 62
“Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кыскартуулар жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше салыгынан план аткарылбагандыктан 1200,0 (бир миллион эки жүз миң) сом жана лицензиядан түшүүчү салыктан 378,7 (үч жүз жетимиш сегиз миң жети жүз) сом бюджеттин киреше жагынан кыскартылсын.
2. Жогорудагы киреше бөлүгүнөн кыскарган 1578,8 (бир миллион беш жүз жетимиш сегиз миң сегиз жүз) сом чыгаша бөлүгүнөн төмөндөгүдөй кыскартылсын.
-бала бакча бөлүмүнүн 3112 беренесинен -168,7 миң сом
-маданият бөлүмүнүн 2221 беренесинен -50,0 миң сом
-айыл чарба бөлүмүнүн 2221 беренесинен -750,0 миң сом
-бала бакча бөлүмүнүн 2211 беренесинен -70,0 миң сом
-орто мектеп бөлүмүнүн 2222 беренесинен -113,0 миң сом
-турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 2222 беренесинен -200,0 миң сом
-соц коргоо бөлүмүнүн 2721 беренесинен -227,0 миң сом
3. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |