Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 63
“Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн тогуз айынын жыйынтыгы менен кошумча түшкөн акча каражаты жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тогуз айынын жыйынтыгы менен айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынан кошумча түшкөн 200,0 (эки жүз миң) сом жана калктуу конуштун жеринин ижара акысынан кошумча 100,0 (жүз миң) сом жалпы 300,0 (үч жүз миң) сомго план алууга макулдук берилсин.
2. Кошумча жеткирилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине 300,0 (үч жүз миң) сом М.Кулуев атындагы орто мектебинин кошумча имаратынын сыртын шыбатууга жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |