Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 64
Большевик айылынын аталышын “Биримдик” айылы деп өзгөртүү боюнча элдик жыйындын протоколун бекитүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым административдик-аймактык бирдиктеринин аталышын өзгөртүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, айылдын аталышын өзгөртүү боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Большевик айылынын аталышын “Биримдик” айылы деп өзгөртүү боюнча 2025-жылдын 23-сентябрындагы элдик жыйындын протоколу бекитилсин.
2. Элдик жыйында сунушталгандай, айылдын учурдагы “Большевик” аталышы “Биримдик” деп өзгөртүлсүн.
3. Бул токтом жана элдик жыйындын протоколу Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына бекитип берүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “мыйзамдуулук адам укугу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |