Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын “22” январы № 05
Сокулук айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотуна сый-акы акча-каражатын кароо жөнүндө
Сокулук айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотуна 2026-жылда сый-акы акча-каражатын кароо жөнүндө, аксакалдар сотунун 2025-жылдын 16-декабрындагы № 18/02-3- кайрылуусунун негизинде карап чыгып, талкуулап Сокулук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сокулук айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотуна сый-акы катары ар бир кварталга 65000 сомдон, жылына 260 000 сом жана ден соолугун чыңдоого кайрылуунун негизинде акча-каражаты жергиликтүү бюджеттен каралсын.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Н Иштыбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Жумалиев Н.Н |