Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 65
“Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №16 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши айыл аймактагы муктаждыкты жана зарылчылыкты эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына жана тиешелүү укуктук актыларга ылайык, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жусупбековдун Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №16 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №16 токтомунун 1 пунктундагы “Ак-Жар айылынын чыгыш тарабындагы Катыраңкы участкасынын ички жайытындагы №226- контурунан таштанды таштоочу жай куруу максатында 2га жер аянты бөлүнүп берүүлүсүнө макулдук берилсин” деген сүйлөм, “Ак-Жар айылынын чыгыш тарабындагы Катыраңкы участкасынын ички жайытындагы №224- контурунан таштанды таштоочу жай куруу максатында 2га жер аянты бөлүнүп берүүлүсүнө макулдук берилсин” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзомөлдөө Кара-Шоро айылдык кеңешинин “социалдык маселелер жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кадырбеков |