Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 66
Кара-Шоро айыл аймагында жайгашкан ЗАО “Альфа Телеком” жана ЖЧК “Терра Компани” (билайн) мобилдик станциялары курулган жерлерге ижара акысын бекитип берүү жөнүндө.
Кара-Шоро айыл аймагында жайгашкан ЗАО “Альфа Телеком”жана ЖЧК “Терра Компани” (билайн) мобилдик станциялары орнотулган жер аянттарынын ижара акысын бекитип берүү туралуу айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевдин сунушун угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл аймагында ЗАО “Альфа Телеком” жана ЖЧК “Терра Компани” мобилдик байланыш станциялары орнотулган жер аянттарынын ижара акысын айына 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ижара акысынын каражаттары айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине түшсүн жана социалдык инфраструктураны жакшыртууга жумшалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “финансы жана экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |